Пекинде кытай лидери менен орус лидеринин эки тараптуу сүйлөшүүлөрү башталды
Орусиянын жана Кытайдын лидерлери Владимир Путин менен Си Цзиньпин Бээжинде эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү башташты. Алар делегациялардын катышуусу менен кеңири форматта өтүп жатат, деп жазат "CentralAsia" басылмасы "ТАСС" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.
Буга чейин Бээжиндеги Элдик чогулуш үйүндө Орусия, Кытай жана Монголия лидерлеринин үч тараптуу жолугушуусу өткөн. Бул форматтагы жетинчи саммит болуп саналат, буга чейин алар акыркы жолу үч жыл мурун — 2022-жылы жолугушкан.
«Биздин үч өлкөнүн көптөгөн орток кызыкчылыктары бар. Биз саясий, экономикалык жана гуманитардык байланыштарды биргелешип өнүктүрүүгө кызыктарбыз», — деди Путин.
Орусиянын лидери Кытайга төрт күндүк сапар менен барды. Ал 31-август, жекшемби күнү Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине катышуу үчүн Кытай Эл Республикасына келген. Саммит 31-августтан 1-сентябрга чейин өткөн. Андан кийин Путин Бээжиңе жөнөгөн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.