Ооганстандагы жер титирөө: каза болгондордун саны 800дөн ашты
Ооганстандын чыгышында катуу жер титирөөнүн натыйжасында каза болгондордун саны өстү. Куткаруучулар тирүү калгандарды издөөдө. Бул тууралуу "CentralAsia" басылмасы "Al Jazeera" басылмасына шилтеме берүү менен жазды.
Өкмөттүн өкүлү Забиулла Муджахиддин айтымында, кеминде 812 адам каза болуп, 2817 киши жаракат алды.
Аскердик тик учактар алыскы райондордон жүздөгөн каза болгондорду жана жаракат алган адамдарды эвакуациялады, бирок катаал рельеф жана начар аба ырайы куткаруу иштерин жайлатууда. Эң көп жабыркаган провинция – Кунар, ал жер титирөөнүн эпицентри болгон. Гуманитардык уюмдардын баамында, бул жерде 2000ден ашуун адам жабыркаган.
Желалабаддагы ооруканалар айланасындагы айылдардан келген жабыркагандар менен толуп калган. Кызыл Крест жакын сааттарда жана күндөрдө каза болгондордун саны көбөйөт деп эскертти.
Өкмөт жер титирөөдөн жабыркагандарга 100 миллион афгани (1,46 миллион доллар) өлчөмүндө тез жардам көрсөтүү үчүн каражат бөлдү. Чиновниктер керектүү болсо, бул сумма көбөйтүлүшү мүмкүн экенин кошумчалады.
Талибан өкүлү алаңдатуучу көйгөйлөр бар экенин, анын ичинде талаа госпиталдары, турак-жай, азык-түлүк жана таза суу боюнча чоң муктаждык бар экенин билдирди.
Жер титирөө 6 магнитуда менен 1-сентябрда түнкүсүн болду. Эпицентр Желалабаддан 27 км түндүк-чыгышта, 8 км тереңдикте, Пакистан менен чектеш жерде жайгашкан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.