Жер бетинде магниттик бороондор башталды
Жер бетинде планеталык масштабдагы магниттик бороондор башталды, деп кабарлашты Орусиянын Космос изилдөө институту жана Күн-Жер физика институтунан. Илимпоздор жакынкы сааттарда геомагниттик активдүүлүктүн жогорулай турганын болжолдошууда, анткени айрым станциялардан G2–G3 деңгээлиндеги бороондор тууралуу маалыматтар келип түшүүдө, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.
Геомагниттик титирөөлөрдүн башкы чекити 2-сентябрда түшкү убакытка карата күтүлүүдө, ал кезде Kp индекси 7ге жетиши мүмкүн, бул G3 категориясына туура келген күчтүү бороон. NOAA шкаласы боюнча мындай титирөөлөр электр энергия системаларында мүчүлүштүктөрдү, радиобайланыш жана спутник навигациясында бузулууларды жаратып, ошондой эле космостук аппараттарды орбитадан сойдуруусуна алып келиши мүмкүн.
Негизги полярдык жарыктын зонасы Скандинавия жана Канада аймактарында пайда болот. Илимпоздордун эсептөөлөрүнө караганда, геомагниттик титирөөлөр 30дон 45 саатка чейин созулат.
Магниттик бороондор деңгээлдерге бөлүнөт. Күчтүү бороон G4 деп эсептелсе, экстремалдуу бороон — G5 деп эсептелет.
31-августта космостук коронографтардын маалыматы жерге багытталган плазма чыгышын күндүн M2.76 класстагы жарылышынан кийин тастыктады. Алдын ала эсептөөлөргө ылайык, күндүн бул заттары 2-сентябрда Жер орбитасына жетип, G2–G4 деңгээлиндеги магниттик бороондорду жаратышы керек болчу.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.