VI Дүйнөлүк көчөмөндөр оюну: Ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкекте өтөт
Көчмөндөр оюну. Архивдик сүрөт.
VI Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндарынын өзгөчөлүгү – ачылыш жана жабылыш аземдери Бишкекте өтөт. Бул тууралуу "АКИпресс" басылмасы Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюнун секретариатынын жетекчиси Нурсултан Аденов «Биринчи радионун» эфиринде билдиргенин жазды.
Анын айтымында, мындай кадам биринчи жолу жасалууда. Буга чейин ачылыш аземи Ысык-Көлдө өткөрүлүп келген.
«Иш-чара "Бишкек-Арена" стадионунда өтөт. Бул жерде мүмкүнчүлүктөр чоң. Ысык-Көлдө болгону 10 миң адамды батырсак, "Бишкек-Аренада" 51 миңге чейин орун бар. Бирок бардык 51 миң орунду колдонбойбуз, анын бир бөлүгүн декорациялар үчүн пайдаланабыз», – деп түшүндүрдү ал.
Ошентсе да, анын айтымында, бардык спорттук жана маданий иш-чаралар Ысык-Көл облусунда өтөт. Анткени ал жакта ипподром, спорттук комплекстер бар. «Этношаар да Кырчын жайлоосунда өтүшү мүмкүн, мындай вариант каралууда», – деди Аденов.
Ал дагы бир жолу баса белгилеп, Көчмөндөр оюндарынын ачылышы менен жабылышы гана Бишкекте өтөрүн айтты.
Ал эми Маданият министрлигинин өкүлү Нусубалы Жакыпов азырынча ачылыш жана жабылыш аземдеринин тематикасы талкууланып жатканын, иш-чаранын башкы режиссёрун тандоо жүрүп жатканын кошумчалады.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.