Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп атоо маселеси колдоо тапты

Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп атоо боюнча сунушка Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаттары макул болду. Бул тууралуу "Турмуш" басылмасы аймактык кабарчысына шилтеме берүү  менен жазды.

Маалым болгондой, Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүү сунушун шаар мэри Эрнис Ормоков бүгүн, 3-сентябрь күнү Жалал-Абад шаардык кеңешинин сессиясында берген.

Эми бул маселени Жогорку Кеңеш бекитип бериши керек. Андан кийин президент кол койсо, шаар расмий түрдө Манас шаары болуп аталат.

Жалал-Абад шаарынын тарыхы боюнча маалыматты бул жерден окуңуз.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз