Ош шаарынын экс-вице-мэри кайрадан кармалды

Ош шаардык прокуратурасы тарабынан жер тилкелерин мыйзамсыз трансформациялоо фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тергөө амалдарын жүргүзүүдө, деп билдирди Атайын кызматтын басма сөз кызматы.
 
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын биринчи вице-мэри И.М.А. 55 гектардан ашык айыл чарба жерлерин өндүрүштүк категорияга мыйзамсыз которуу тууралуу токтомдорго кол койгон. Анын негизинде Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктин Оштогу бөлүмү тарабынан “К.Т.” ЖЧКсынын пайдасына мамлекеттик актылар берилген.
 
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгында 2025-жылдын 21-августунда мурдагы вице-мэр КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүгү (“Коррупция”) боюнча айыпталган.
 
Ош шаардык соту анын баш коргоо чарасын карап чыгып, 2025-жылдын 31-сентябрына чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды.
 
Учурда мыйзамсыз берилип кеткен жер тилкелерин аныктоо иштери улантылууда.
 
Марс Исаев буга чейин да «Коррупция» беренеси боюнча кармалып, камалган эле. Ал Ош шаарындагы борбордук аянтты калыбына келтирүү иштеринде АРИСтин Оштогу кызматкери жана подрядчы компаниянын өкүлү менен бирге мамлекетке 25 млн сом зыян келтирген деп айыпталган.
 
Кийинчерээк Марс Исаев үй камагына чыкканы маалымат болгон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз