Путин Азербайжан менен айрым маселелер бардыгына карабай баары өз ордунда болорун айтты
Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн Азербайжан менен болгон мамилесинде айрым маселелер бар экенине карабастан, баары “өз ордуна коюларын” айтты, деп жазат "CentralAsia".
«Мамлекеттер аралык мамилелерде ар дайым учурдагы кырдаалга же кандайдыр бир саясий конъюнктурага жараша суроолор чыгат. Маселелер бар. Бүгүн биз президент Алиев менен учураштык, анын жубайы менен да кол алыштык, эки-үч ооз сөз сүйлөштүк. Менимче, Азербайжан менен Орусиянын ортосундагы фундаменталдуу мамилелер жана аларды өнүктүрүүгө болгон өз ара кызыкчылык акыры өз ордуна келет», — деди Владимир Путин Кытайга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында өткөн басма сөз жыйынында.
Иш-чаралар башталаар алдында, 3-сентябрда Владимир Путин жана Ильхам Алиев Кытайдын Тяньцзинь шаарында болушкан. Ал жерде 31-августтан 1-сентябрга чейин Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өткөн. Саммиттин алкагында эки лидер башка өлкөлөрдүн жетекчилери менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрүшкөн, бирок бири-бири менен сүйлөшүшкөн эмес.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.