Орусиянын Франциядагы башкы консулдугунда жарылуу болду

Бүгүн, 24-февраль күнү жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 8:00дөр (13:00-Бишкек) чамасында Франциянын Марсель шаарындагы Россиянын башкы консулдугунун аймагында жарылуу болгонун BFMTV-га шилтеме берип "CentralAsia" жазды. Окуя болгон жерде болжол менен отузга жакын өрт өчүрүүчү жана полиция кызматкерлери иш алып барууда.
 
Алгач француз басылмалары жарылуу консулдуктун жанында болгонун жазышкан. Бирок, Россиянын Марселдеги башкы консулу Станислав Оранский La Marseillaise басылмасына жарылуу түздөн-түз дипломатиялык өкүлчүлүктүн аймагында болгонун тастыктаган.
 
BFMTV басылмасынын полициядагы булактарынын маалыматына ылайык, консулдуктун аймагындагы бакчага эки бөтөлкө күйүүчү аралашма ыргытылган. Маалыматка ылайык, жабыркагандар жок.
 
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова бул окуяны "теракттын белгилери бар" деп баалады.
 
Марселдеги Россиянын Башкы консулдугу Амбруаз Паре проспектисинде жайгашкан. Бул райондо ошондой эле Египет, Тунис, Армения жана Сан-Томе жана Принсипи мамлекеттеринин консулдуктары бар.
Учурда эмне белгилүү

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз