Зеленский: Мен кызматтан кетүүгө даярмын, эгерде бул Украинага тынчтык алып келсе

Мен президенттик кызматтан кетүүгө даярмын, эгерде бул Украинага тынчтык алып келсе. Же болбосо, кызматымды Украинанын НАТОго мүчөлүгүнө алмаштырсам болот.  Бул тууралуу Meduza басылмасы украин президентинин пресс-конференцияда жергиликтүү басылмаларга айтканына шилтеме берип жазды.
"24-февралда, согуштун жылдыгында, Киевде европалык лидерлер катышкан саммит өтөт. Анда жакынкы апталарга стратегия жана коопсуздук кепилдиктери талкууланат. Биринчи кезекте Европадан, бирок бизге АКШнын да кепилдиктери керек. Эң арзан жол – НАТОго мүчө болуу. Коопсуздук кепилдиги экономикалык келишимдер да болушу мүмкүн".
"АКШга болгон 500 миллиард доллар же 100 миллиард доллар карызыбызды тааныбайбыз. Байден Украинаны насыя эмес, грант менен колдогон. Учурдагы жаратылыш ресурстарына байланыштуу келишимде «АКШ берген ар бир доллар үчүн Украина эки доллар кайтарышы керек» деп жазылган, бирок мен мындай милдеттемелерге кол койбойм. Экономикалык келишим коопсуздук кепилдиги болсо, анда бул эмнеге документте көрсөтүлбөгөн? Биз АКШ менен сүйлөшүүлөрдө алдыга жылуудабыз – 500 миллиард доллар тууралуу талап жокко чыгарылды. Трамп убактылуу гана президент, ал эми бизге узак мөөнөттүү тынчтык керек. Экономикалык жактан бул келишим win-win болушу шарт – АКШ жана Украина бизнеси үчүн да, эл үчүн да пайдалуу болушу керек. Трамп мени «шайлоосуз диктатор» деп атаганына таарынган жокмун, анткени мен диктатор эмесмин. Украинада президенттик шайлоо аскердик абал жоюлгандан кийин өтөт".
 
Зеленский ошондой эле Трамп 2025-жылы согуштун активдүү фазасын аяктоону максат кылып жатканын, бирок ушул аптада эле согушту Украинанын коопсуздугун камсыз кылган кепилдиктер менен бүтүрүү мүмкүн эместигин, Украинага төмөнкүдөй кепилдиктер керек экен белгиледи:
 
"Европа Биримдигине мүчөлүк, 800 миң аскерден турган украин армиясын каржылоо, тынчтыкты камсыз кылуучу эл аралык күчтөр. Тоңдурулган орус активдери – бул биздин акча, биздин жана өнөктөштөрдүн эмес",- деген Зеленский.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз