Бишкек: 13 жаштагы кыз өз өмүрүнө кол салган

Бишкек шаарында Ибраимов көчөсүндөгү көп кабаттуу үйдүн жанында жашы жете элек өспүрүм кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу «Сводка АКИpress» редакциясына Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын пресс-службасы тастыктады.

Милицияга чакыруу 2-сентябрь күнү таңкы жети жарымда келип түшкөн. Окуя болгон жерге Свердлов РИИБдин тергөө-оперативдик тобу барган жана каза болгон кыздын өздүгүн аныктаган. Ал 2012-жылы туулган Ж.Ж болгону аныкталган. Алгачкы маалыматтарга караганда, өспүрүм өз жанын кыйган.

Баштапкы тергөө иштеринин алкагында экспертизалар дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз