Москвада Камчы Көлбаевдин жан сакчысы "Узун Улан" кармалды

Москва шаарында (Орусия) 1972-жылы туулган, криминалдык чөйрөдө «Узун Улан» деген каймана аты менен белгилүү болгон Улан Барчакеев кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы 4-сентябрда билдирди.

Ведомствонун маалыматына ылайык, Барчакеев ИИМдин ыкчам каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары турат. Маалыматтарга караганда, ал «мыйзамдагы ууру» Камчы Көлбаевдин [2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМК тарабынан жок кылынган] жакын жана ишенимдүү адамы болуп, анын жеке коопсуздугуна жооп берген.

«Ал бир нече ирет криминалдык чыр-чатактарга катышкан, ошондой эле акча талап кылып, ишкерлердин коммерциялык фирмаларын жана кыймылсыз мүлктөрүн тартып алып, кылмыштуу топтун «общагын» толтуруу менен алектенген», – деп белгиледи ИИМ.

Маалым болгондой, «Узун Улан» 2019-жылы Бишкекте болгон каракчылыкка айыпталууда. Ал учурда чет өлкөлүк ишкерден өзгөчө ири мүлк тартып алынган.

Барчакеев издөөдө жүргөн жана аны Москвадан Бишкекке алып келишти.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз