Зеленский Путиндин сүйлөшүүлөрдү Москвада өткөрүү сунушуна жооп берди

Украина президенти Владимир Зеленский Москвага барып, президент Владимир Путин менен сүйлөшүүлөргө катышпай турганын билдирди. Бул тууралуу ал Парижде «чечкиндүүлөр коалициясынын» саммитинен кийинки басма сөз жыйынында айтты деп, «Украинская правда» жазды, деп жазат "CentralAsia".

«Америкалык өнөктөштөр бизге Путин мени Москвага чакырганын жеткиришти. Менимче, эгер жолугушуу болбосун десең, анда мени Москвага чакырыш керек», — деди ал.

 
Зеленский жолугушуунун өзү «зарыл» экенин белгилеп, бирок Орусия аны артка жылдыруу үчүн баарын жасап жатат деп айыптады. Ошол эле учурда ал Путин мындай жолугушуу тууралуу сөз баштаганынын өзү эле «жаман эмес» экенин кошумчалады.
 
Владимир Путин 3-сентябрда Украина президенти менен жолугушуу тууралуу: «Эгер Зеленский даяр болсо, анда Москвага келсин», — деп билдирген. Ошону менен бирге, буга чейин Путин жана башка орус расмийлери Зеленский менен жолугушуу сүйлөшүүлөрдүн акыркы этабында гана мүмкүн болорун белгилешкен.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз