ЖКнын депутаты эки жаран кыргыз-өзбек чек арасына эмне үчүн барып, атылганын айтты

Жогорку Кеңештин 3-сентябрдагы жыйынында депутат Жайлообай Нышанов («Ата-Журт Кыргызстан») кыргызстандыктар кыргыз-өзбек чек арасын эмне үчүн кесип өтүп, атылганын түшүндүрдү.
 
Анын айтымында, Чаткал районунда жагымсыз окуя болгон. Эки жаран — 1997-жылы туулган Элдияр Асылбек уулу жана 2002-жылы туулган Бекзат Курманалы уулу дайынсыз жоголуп, 1-сентябрда алардын сөөгүн «Баймак» көзөмөл-өткөрүү пункту аркылуу өткөрүп беришкен.
 
«Алар 20-августта чыгып, чек арада демаркация жана так белгилер жок жерден өтүп кетишкен. Эмне үчүн мындай кылышты? Себеби, Кызыл китепке кирген бир өсүмдүк бар, анын баасы 300 сомдон 1000 сомго чейин өсүп кеткен. Көпчүлүк жарандар ошол өсүмдүктү терип сатып келишет. Ал чет өлкөлүк жарандар арасында суроо-талапка ээ. Дал ошол өсүмдүктүн айынан дагы бир жагымсыз окуя болгон — сел алты жараныбызды алып кеткен. Ошондуктан бул маселени кайрадан карап чыгып, протоколдук тапшырма берүү зарыл», — деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз