"Город 312" тобунун ырчысы Светлана Назаренко инсульттан кийинки абалы тууралуу айтып берди
«Город 312» тобунун ырчы айымы Светлана Назаренко ковидден улам келип чыккан инсультка кабылганын Андрей Малаховко берген маегинде айтып берди, деп жазат "Культура АКИпресс".
2023-жылы топ чыгармачыл өргүү жарыялап, бир жылдан кийин башка солистка менен сахнага чыга баштаган. Назаренко 2,5 жыл сахнага чыкпай калган.
Ал коронавирус менен 3–4 жолу ооруп, акыркы жолкусунда оорунун айынан тромбдор пайда болуп, чоң инсультка учураган.
2023-жылдын февралында топтун концертине даярданып жатып, Назаренконун мурдунан кан кеткен. Бирок ал сахнага чыгып, кайра үйүнө келген. Күйөөсү менен кино көрүп жатканда жарым күн бою башы катуу ооруп жүргөн. Күйөөсү анын бир эле сөздү кайталай берип, түшүнүксүз жана жай сүйлөп жатканын байкаган. Алар кан басымын өлчөп, дары ичирип уктап калышкан. Бирок Назаренко башы ооруп ойгонуп, кусуп жиберген. Ошондо «Тез жардам» чакырып, ооруканага жеткиришкен.
Дарыгерлер күйөөсүнө анын абалы оор экенин, чоң инсульт болгонун айтышкан.
Назаренко бул окуяны күйөрмандары менен бөлүшкүсү келбегенин, интернеттеги хейттен качканын белгиледи.
Ошондой эле ал Ысык-Көлгө барууну кыялданып, дайыма көл тууралуу түш көрөрүн, жакында эле сахнага кайтууну самай турганын билдирди.
Светлана Анатольевна Назаренко, сахнадагы ысымы Ая, 1970-жылы 17-октябрда Кыргыз ССРинин Фрунзе шаарында төрөлгөн. Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти (2017). 2016-жылдын 30-августунда президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен «Даңк» медалы менен сыйланган.
«Город 312» тобу 2001-жылы түзүлүп, Бишкек шаарынын (телефон коду 312) атынан аталган. 2024-жылы Аянын ооруп калышына байланыштуу топко жаңы солистка келди. Убактылуу солистка болуп «Голос 12» долбоорунун катышуучусу Диана Макарова чыккан.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.