Ыр менен жашаган жүрөк – Асылбек Маметов
Асылбек Маметов — Алайкуунун аңызга айланган кооз жаратылышында туулуп, айылдык турмуштун катаалынан да, касиетинен да сабак алган, жүрөгү ыр деп соккон акын. Ал 1962-жылы Кара-Кулжа районунун Күйө-Таш айылында жарык дүйнөгө келип, бала кезинен мал артында жүрүп, элеттик жашоонун чыныгы даамын таткан.
Асылбек аганын ырлары — элет турмушунун тарыхы, айылдын түйшүгү менен кереметин кошо сүрөттөгөн турмуштук обон. Ар бир саптан жүрөктүн жылуулугу сезилип, окурманга тааныш сүрөттөр көз алдыга тартылат. Ырлары жашоонун өзөгүнөн жаралгандай...
Анын чыгармачылыгында ата мекен темасы өзгөчө орунда турат. Ата журтка болгон махабат, эне жерге болгон сагыныч, тоо арасында өткөн балалык чактар — бул темалар акындын дээрлик бардык ырларынан кездешет. Алар окуган адамды өзүнүн төркүнүнө, өзүнүн изин калтырган өрөөнгө алып жөнөйт.
Маметовдун ырларында сүйүү темасы да сөзсүз көтөрүлөт. Ал сүйүүнү назиктик менен сүрөттөп, аял затына болгон урматын ыр менен айтат. Аял — акын үчүн ыйыктык, өмүрдүн жарыгы, жүрөктүн ээлеп калган аруулугу. Бул сезимдердин бардыгы ыр аркылуу кумарлуу, бирок сыпайы баяндалат.
Анын ырлары жандуу, обондуу саптарга бай. Окурман Асылбек Маметовдун ырларын окуганда анын поэзиясы сүйлөп, жүрөктү дирилдетип, кээде сагындырып, кээде дем берип турат. Бул саптар турмушту көркөмдөп эмес, турмуштун өзүн ыр кылып берет.
Жашоосу канчалык карапайым болсо да, акындык таланты менен ал өзүн элге тартуулоону унуткан эмес. «Ыр канаттуу Алайкуу» аттуу китеби жарык көрүп, «Ош жаңырыгы», «Майдан», «Мезгил үнү» гезиттери аркылуу окурмандардын кеңири катмарына таратылган.
Анын 20га жакын обону бар, бирок жарыялана элек. Ал ушул ырларын жарыкка чыгарып, өзүндөгү талантты элге тартуулагысы келет. Төмөндө Асылбек Маметовдун айрым ырларын сунуштайбыз.
Редакциядан
Ысык-Көл
Ысык-Көл жаралыпсың бир Алладан,
Кылымдардан айтылып атың чыккан.
Кереметсиң, касиетиң күчтүү экен,
Атыңды угуп адамдар келип жаткан.
Көлдү жалгыз Аалам өзү жаратып,
Төгөрөгүн тоолор менен курчатып.
Сулуулукту ченебестен бериптир,
Көлдүн атын бүт дүйнөгө чыгарып.
Көл боюнда эс алган адам толо,
Туш тараптан келген көпго ушул көлгө.
Түгөнбөгөн ырыскыны кенен берип,
Ыроолотуп Алла Таала бир өзүңө.
Көңүл эңсеп көрүүгө мен ашыктым,
Көл көрүүгө сапар жолго аттандым.
Көктөн тилеп бир көрүүгө зар болуп,
Көлгө келип мен өзүмчө кубандым.
Көл толкуну кызыктырып өзүмдү,
Кубандырды сүйүндүрдү жүрөктү.
Эңсеп жүргөн Ысык-Көлдү көргөндө,
Көңүл сергип пайда кылды үмүттү.
***
Сүйүү
Эх, сүйүү, үлбүрөгөн назик сезим,
Түбөлүккө үзүлбөстөн турса деймин.
Ысытып, жалыны бар чокко салып,
Үшүтүп, кээде тоңуп ички сезим.
Сагынтып саргайтасың шаштымды алып,
Кусага малынамын өңдөн азып.
Кантсең да кайра таттуу сезилесиң,
Тамшанам махабаттын даамын татып.
Эх сүйүү дүбүрт салып жүрөгүмө,
Алып учуп баратканысып сүйгөнүмө.
Аттиң ай ал күндөрүм артта калды,
А бирок жашайт сезим түбөлүккө.
Өчпөсүн жан дүйнөмөн махабатым,
Сүййгөнүм кыялымдан сени таптым.
Качанкы сезимимди ырга салып,
Сүйүүнүн көлүнө мен сүзүп бардым.
***
Аялдарга
Аял назик, үлбүрөгөн гүлдөй болуп,
Аял арзуу, жүрөгүңө сүйүү толуп.
Аял апам айланамды жарык кылып,
Шоола чачып тегиз тийген күндөй болуп.
Аял бакыт жолдошуна төрөп берген,
Алдейлеп ак бешикке бөлөп берген.
Аял мээрим жылуулугун ыроологон,
Кубаттап оош-кыйышты жөлөп келген.
Аял күлкү, жан дүйнөңдү аруулаган,
Ооруңду жылмаюусу дарылаган.
Мөңгүдөн агып түшкөн тунук булак,
Жашоонун нугу болуп агып турган.
Аял жылдыз так төбөдөн жанып турган,
Сезимди бийик тутуп колун сунган.
Тагылып жүрөгүңө ай-чолпондой,
Айланып апакеңдей көңүл бурган.
Аял жакшы эр жигитке бүлөө болгон,
Аялдардын мээримине аалам толгон.
Эне тилин үйрөтүшкөн алдей айтып,
Эмгегин милдет кылбай жасап койгон.
Аялдарсыз жашоо супсак көрүнгөнсүйт,
Аялдар бар айдын нуру төгүлгөнсүйт.
Аялдар бар эркектердин көңүлү ток.
Аял менен күн чубагы өрүлгөнсүйт...
***
Ыдырыска каалоо...
Аксакал аба Ыдырыс,
Чабандан ишти баштапсыз.
Туруктуу иштеп бир жерде,
Депутат наамын алыпсыз.
Бузулуп заман өзгөрүп.
Ыдырап Союз кеткенде.
Чабандык иштен баштартып,
Шоферлук жакга ыктапсыз.
Жаш кезден баштап эмгекти,
Жаныңдан артык сүйүпсүз.
Төрт бала жалгыз бир кызга,
Мээримдүү ата болупсуз.
Эмгекти таза жасаган,
Эмгектен атың аталган.
Ыдырыс атың аталып,
Ишиңди элиң баалаган.
Сыйлыкты абам алды деп,
Сыйлашып элиң кубанган.
Сыртыңдан угуп атыңды,
Көрүүгө баары кызыккан.
Тез жардам айдап унаасын,
Күн-түнү оору ташыйсыз.
Кайраттуу болуп турасыз,
Картайса да жашыңыз.
Неберелер тегеректеп отуруп,
Тосуп чыгып чеберелер жүгүрүп.
“Чоң ата” деп жолуң тосуп турушса,
Капаң кетип, күлкүң чыгып сүйүнүп.
Депутаттык бир өзүңө буйруптур,
Кыдыр ата бир өзүңдү колдоптур.
Бактылуулук конгон экен башыңа,
Бөскөрбөстөн бир калыпта толуптур.
Кыргыз эли эгемендүү болгондо,
Сьезд болуп чакырыптыр борборго.
Мойнуңузга жоопкерчилик жүктөлүп,
Болуптурсуз жооптуу адам ошондо.
Энекебиз келбес сапар алыптыр,
Ичиң сыздап, кайгы-капа басыптыр.
Жалгыздыкты тартыптырсыз абаке,
Жалгыз өзүң, өзүң менен сырдашып.
Атың жаздым каалоо тилек ыр кылып,
Өчпөс кылып тарыхка атың калтырып.
Алла берген жашың менен жашай бер,
Балдарыңа, эл-журтуңа тээк болуп.
Асылбек Маметов
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.