Стамбулда нааразылык акциялары жүрүп жатат
Түркиянын Стамбул шаарында оппозициячыл Элдик-республикалык партиясынын (ЭРП) кеңсесинин алдында партиянын жетекчилиги, анын ичинде лидер Озгюр Челик кызматынан четтетилгенден кийин нааразылык акциялары башталды. Партияны убактылуу кеңеш жетектей турган болду деп Hurriyet жазды, деп жазат "CentralAsia".
Solcu Gazete жарыялаган видеолордо нааразылар менен полициянын кагылышуулары жана «кастрюль акциялары» көрүнөт: митингчилер көчөлөрдү аралап, казан-кастрюлдарды кагып, бийликтин аракеттерине нааразылыгын билдиришкен.
Стамбулдун 45-граждандык соту 2-сентябрда ЭРПнин шаардык бөлүмүнүн жетекчилигин четтетүү чечимин чыгарды. Сот 2023-жылы өткөн съездин жыйынтыгын жокко чыгарып, анда шайланган жетекчиликти мыйзамсыз деп тапты. Чечим съезддин жана добуш берүүнүн жүрүшүндө мыйзам бузуулар болду деген доо арыздын негизинде кабыл алынган.
Стамбул шаардык бөлүмүнүн убактылуу кеңешин Гюрсель Текин жетектеп калды. Ал дүйшөмбүдө ишке киришерин жарыялады. Ошондон кийин партиянын штаб-квартирасында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, полиция кире бериштерди тосуп койду.
Мындан тышкары, Стамбул губернаторунун кеңсеси шаардагы бир нече райондо үч күндүк митингдерге, жүрүштөргө, маалымат жыйындарына жана баракча таратууга тыюу салды. Чектөө 7-сентябрда саат 20:00дөн тартып 10-сентябрда саат 23:59га чейин Бешикташ, Бейоглу, Эйюпсултан, Кагытхан, Сарыер (бул жерде ЭРПнин шаардык кеңсеси жайгашкан) жана Шишли райондорунда күчүндө болот.
ЭРПнин лидери Озгюр Озел соттун чечимин жокко чыгарууга чакырып, Челик менен партиянын жетекчилигин кызматынан четтетүү «тарыхый ката» экенин айтты. «Бул менин акыркы эскертүүм», — деп Milliyet аны менен болгон маекти келтирди.
ЭРПнин жаштар канаты митингдерге тыюу салынганга чейин «демократиябызды дайындалган адамдарга бербейбиз» деп билдирип, партиянын шаардык кеңсесине чогулууга чакырышканын Cumhuriyet жазды.
Ички иштер министри Али Ерликая болсо «сот чечимдерин көз жаздымда калтыруу жана элди көчөгө чыгаруу — мыйзамды одоно бузуу» экенин белгилеп, мамлекет ар бир мыйзамсыз аракетке каршы чара көрөрүн айтты. «Биз өлкөбүздүн коомдук тартибин жана тынчтыгын бузууга эч качан жол бербейбиз», — деп ал Х тармагында жазды.
Түркиянын Коопсуздук башкы башкармалыгы (EGM) «коомчулукту жек көрүүгө жана касташууга түрткөн, кылмышка чакырган маалыматтарды жайылткан» деген шек менен 14 аккаунттун администраторун кармаганын билдирди.
Стамбул шаардык бөлүмүнүн жетекчилигин четтетүү окуясы май айында мурдагы мэр Экрем Имамоглуну камакка алуу менен коштолду. Ал ЭРПнин лидерлеринин бири жана 2028-жылдагы шайлоодо президент Режеп Тайип Эрдогандын башкы атаандашы катары каралып жаткан.
Имамоглу коррупцияга, акча адалдоого жана терроризм менен байланышта деген айып менен камалган. Жалпысынан жүзгө жакын адамга ордер берилген. Имамоглу менен ЭРП бул куугунтук саясий мүнөзгө ээ экенин билдиришкен. Анын кармалышынан кийин Стамбулда нааразылыктар тутанып, жүздөгөн адамдар кармалган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.