Токаев сенатты жоюуну жана Казакстандын парламентин бир палаталуу кылууну сунуштады

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев элге жолдогон кайрылуусунда өлкөнүн парламентин реформалоону сунуштады. Ал сенатты жоюп, парламентти бир палаталуу кылууга чакырды, деп "CentralAsiа".

Мамлекет башчысы өзү он жыл бою сенатты жетектегенин, бул ишти ар дайым чоң сыймык жана жоопкерчилик катары кабыл алганын эске салды.
 
«Ошондуктан бул трибунадан парламенттик реформа тууралуу айтуу мага оңой эмес. Ошентсе да, дал бүгүн өлкөбүздө жакынкы келечекте бир палаталуу парламент түзүү сунушун айтып жатам», – деди Касым-Жомарт Токаев.
 
«Менимче, бул реформанын өзгөчө мүнөзүн эске алуу менен талкууга кеминде бир жыл талап кылынат. Андан кийин 2027-жылы жалпы элдик референдум өткөрүп, Конституцияга керектүү өзгөртүүлөрдү киргизсе болот», – деп кошумчалады ал.
 
Токаев бул абдан олуттуу маселе экенин белгилеп, аны чечүүдө «ашыгуу таптакыр орунсуз» экенин айтты.
 
«Бул реформа жарандык коомдо, эксперттик чөйрөдө жана албетте, учурдагы парламентте кеңири талкуунун предмети болушу керек», – деди ал.
 
Эгерде бир палаталуу парламент түзүү зарыл деген чечим кабыл алынса, анда мындай парламентти «тек гана партиялык тизмелер боюнча шайлоо керек» экенин Токаев баса белгиледи.
 
«Ошентип, азыркы мажилистин курамы өзүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтү аяктаганга чейин тынч мыйзам чыгаруу иши менен алектенүүгө мүмкүнчүлүк алат. Ал эми сенат жалпы элдик референдумдун жыйынтыгы чыгып, жаңы парламенттик шайлоо өткөнгө чейин иштей берет», – деди Казакстандын президенти.
 
Ал саясий партияларда олуттуу атаандаштыкка даярданууга жетиштүү убакыт болорун кошумчалады.
 
Учурдагы Казакстан парламенти 1995-жылдан бери эки палатадан турат: төмөнкү палата – мажилис жана жогорку палата – сенат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз