Аскер кызматкерлерине ипотекалык насыяларды төлөп берүүгө компенсация берилет
Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ипотекалык кредиттерди төлөп берүүгө компенсация берилет. Тиешелүү токтомго Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду, деп жазат "АКИпресс".
Бул чара Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн, башка аскер түзүмдөрүнүн, мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын аскер кызматкерлерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине тиешелүү.
Документ менен компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү тартиби бекитилди.
Аскер кызматкерлери/кызматкерлер кызмат өтөп жүргөн мезгилде жана ипотекалык кредит (займ, ссуда) толугу менен жабылганга чейин ипотекалык программага катышкан учурда, аларга Министрлер Кабинети белгилеген өлчөмдө жана тартипте акча каражаттары төлөнүп берилет.
Токтомдун аракеттери төмөнкүлөргө жайылтылат:
2025-жылдын 1-июлуна чейин коммерциялык банктар аркылуу жана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын программалары боюнча ипотекалык кредит алуу боюнча келишим түзгөн адамдарга;
2025-жылдын 2-июлунан тартып ипотекалык кредит алуу боюнча келишимди жалаң гана «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКсынын программалары аркылуу түзгөн адамдарга.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




