Ошто жаратылышка зыян келтиргендерге 28 миң сом айыппул салынды

 
Ош облусунун Кара-Суу, Ноокат райондорундагы Папан жана Найман суу сактагычтарында ышкыбоздук балык уулоо эрежелерин бузган 15 жаран кармалып, мыйзамга ылайык, ар бирине миң сомдон, жалпы: 15 миң сом айыппул салынды.
 
Аталган иш-чара, 2025-жылдын 5-7-май күндөрү NABU Кыргызстан уюмунун “Барс-2” тобу, КР ЖРЭжТК министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын Ош регионалдык башкармалыгынын инспекторлору жана министрликтин Ош регионалдык башкармалыгынын биотүрдүүлүк бөлүмүнүн өкүлү менен биргеликте өткөрүгөн атайын рейддин негизинде белгилүү болду.
 
Рейддин жүрүшүндө жаратылышка зыян келтирген башка факт дагы катталды. Тактап айтканда, Кара-Суу районуна караштуу Папан айыл өкмөтүнүн Бөрү участкасында, уруксат кагаздары жок кум-шагыл казып алып жаткан жарандар аныкталды. Аталган мыйзам бузууга байланыштуу КР «Укук бузуулар жөнүндө» кодексинин 243-беренесинин 4-бөлгүнүн негизинде аларга 13 000 сом административдик айып салынды.
 
Иш-чаранын алкагында, жаратылышка аяр мамиле кылуу жана мыйзам бузуу фактыларынын алдын алуу максатында жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз