Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси шырдак көргөзмөсү менен башталды 

 
Бүгүн, 11-сентябрь күнү, Алай районунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракеси Курманжан датка тарыхый-этнографиялык музейинде шырдактардын көргөзмөсү менен башталды.
 
Ага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Джантаев, ЖКнын депутаты Т.Сарыбашев, тарыхчы С.Кайыпов, КР Эл артисти Т.Казаков, мурдагы Мамлекеттик катчы С.Касмамбетов, Алай районунун акими, коомдук ишмерлер, жергиликтүү тургундар катышууда. 
 
Алгач коноктор шырдактардын көргөзмөсүнө көрүп, комузчулардын хор аткаруусуна күбө болушту.
 
“Курманжан датка” тарыхый-этнографиялык музейинин директору Клара Сансызбаеванын айтымында, бул иш-чарага шырдактын 280 түрү коюлган, ууз-чеберлер аларды колдо шырып тигишкен.
 
Алымбек датканын бул мааракесин өткөрүүнүн алкагында, Алай районуна бараткан Чыйырчык ашуусуна Алымбек менен Курманжан даткалардын эстеликтери орнотулду. Мындан сырткары, Алайда музей, маданият үйү жана эс алуу бактары оңдолду. Жошолу жайлоосунда улуттук спорт оюндары өтөөрү белгиленип, учурда ал жакта боз үйлөр тигилген.
 
Бул иш-чаранын программасына ылайык, театрлаштырылган көрсөтүүлөр, гала-концерт, эл аралык “Айтыш” жана конокторду тосуу иш-чаралары кирген.
 
Алымбек Датка Асан бий уулу, (Алымбек парваначы) 1799-дылы туулган. Кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары белгилүү Алымбек 1831­жылы, 31 жашында Мадали хандан “Алай даткасы” датка наамын алган. 32 жашында Анжиян вилайетинин беги болгон. Ал алайлык кыргыздардан чыккан эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. 1862-жылы өлтүрүлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.
 
1842-жылы Шераалыны хандыкка көтөрүүгө катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө салым кошкон.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз