Алайга барчу Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери ачылды
Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесине карата Ош облусунун Алай районуна караштуу Чыйырчык ашуусунда Алымбек датка менен Курманжан датканын айкелдери жана конок тосууга ылайык курулган атайын жай салтанаттуу ачылды.
Иш-чарага Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев, Жогорку Кеңештин депутаттары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, Алымбек датканын урпактары жана жергиликтүү тургундар катышты.
Чыйырчык ашуусунан Алай районунун борборуна кире бериш жерине чейинки 9,5 км жол толук жарыктандырылды. Бул багыттагы иштердин сметалык баасы 9 725 113 сомду түзүп, анын 5 млн сому Алай райондук өнүктүрүү фондунан, 4 725 113 сому жергиликтүү бюджеттен каржыланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.