“Алай” командасы көк бөрү мелдешинде чемпион болду ФОТО


 

Бүгүн, 11-сентябрь күнү, Алай районунун Гүлчө айылында Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналган көк бөрү боюнча чемпионат жыйынтыкталды.

Мелдешке Ош облусунун 7 районунан жети команда, Алай-2 командасы катышкан.

Уюштуруучулар билдиргендей, мелдештин тайпалык этабы кечээ, 10-сентябрь күнү башталган. Анда командалар эки тайпага бөлүнүп, өз ара оюн өткөрүшкөн. Тайпадан жеңүүчү болгон командалар өз ара оюн өткөрүшкөн.

Натыйжада 3-орун үчүн Өзгөн командасы менен Ноокат командасы чыгып, 2:0 эсебинде Өзгөн командасы жеңди.

Ал эми финалга “Алай” командасы менен Кара-Кулжа командасы чыгып, беттеш 3:2 эсебинде жыйынтыкталды.

Жыйынтыгында 1-орунду алган “Алай” командасына 600 миң, 2-орунду алган командага 400 миң, 3-орунду алган командага 200 миң, 4-орунду алган командага 100 миң сом, ал эми катышуучу командаларга 50 миң сомдон тапшырылды.

Ошондой эле, "мыкты чабуулчу", "мыкты оюнчу", "мыкты коргоочу" болгон командаларга дипломдор жана акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз