Алайдагы Калама жайлоосунда жаачылардын сынагы өтүүдө


 

Бүгүн, 11-сентябрь күнү Алай районунун Жошолу айылындагы Калама жайлоосунда Алымбек датканын 225 жылдык мааракесине арналып этно айыл түптөлгөн. Анда 100 ашык боз үй тигилип, куш салуучу, тайган жарыш, кыз куумай, ат үстүндө жаа аттуу, жаа атуу мелдештер өттү.

Учурда жаачылардын мелдешинин жарым финалы аягына чыгып, 3-орундардын гана ээлери белгилүү болду.

Салбуурун федерациясынын жаачылар боюнча координатору Мурадил Ынтымак уулу билдиргендей, бул мелдешке Кыргызстандын 7 дубанынан 30дан ашык жаачы катышты.

Мелдештердин жыйынтыгында, аялдар арасында 3-орунду Баткенден келген жаачы айым Жазгүл Маматкулова алса, эркектер арасында Жалал-Абад облусунан келген Амир Үмөтбеков 3-орунду ээлеген.

Финалдык оюн эртең, 12-сентябрь күнү болуп өтөт.

Уюштуруучулар билиришкендей, жаачылар 40 метр аралыктагы бутага так атуу боюнча жарышышкан.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз