Садыр Жапыров эң көп гол киргизген мелдеште дарыгерлер чемпион болду
1-июнь күнү «Мурас» мелдешинин 1/4 финалы, жарым финалы жана финалдык оюндары болуп өттү. Турнирдин көңүл жубатуучу финалында - 3-орун үчүн беттеште «Президенттин командасы» «Коопсуздук» командасын 2-1 эсебинде жеңди.
Ал эми, көз жоосун алган финалдык оюнда «Ыйман» «Ден соолук» менен кез келип, негизги убакыттын соңунда эсеп саны тең калып (2-2), пеналтилер сериясы гана жеңүүчүнү аныктады, анда саламаттыкты сактоо тармагынын өкүлдөрү тагыраак болуп чыгышты.
Ошентип, «Ден соолук» командасы «Мурас» салттуу мелдешин үчүнчү жолу жеңишти.
«Мурас» мелдешинин жыйынтыгы:
- 1-орун - «Ден-соолук»;
- 2-орун - «Ыйман»;
- 3-орун - «Президенттин командасы»;
- 4 орун - «Коопсуздук».
Жеке номинациялар боюнча сыйлыктарга төмөнкү оюнчулар ээ болушту:
- Мыкты оюнчу - Нурлан Турусбеков (Ден соолук);
- Мыкты бомбардир - Садыр Жапаров (Президенттин командасы, 7 голов);
- Мыкты дарбазачы - Султан Осмонбеков (Ыйман).
«Мурас» турниринин байге фонду 1 миллион сомду түзөт, ал биринчи төрт орунду ээлеген командалар арасында бөлүштүрүлдү. Ал индивидуалдак сыйлыктын ээлерине 50 миң сомдон тапшырылды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.