Жети жаран “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы менен сыйланды


 

Бүгүн, 12-сентябрда, Алай районунун Калама жайлоосунда өткөн Алымбек датка Асанбий уулунун 225 жылдык мааракесиннин алкагында Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө кошкон салымы жана көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн жети жаранга “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамы ыйгарылды. Бул тууралуу КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ардактуу наамга ээ болгондор:

- Сүйүнбек Касмамбетов мурдагы Мамлекеттик катчы

- Нурбек Алимбеков Жогорку Кеңештин депутаты

- Түгөлбай Казаков Кыргыз Республикасынын Эл артисти

- Аккулу Бердиев Жогорку Кеңештин депутаты

- Динара Ашимова Жогорку Кеңештин депутаты

- Жанарбек Акаев Жогорку Кеңештин депутаты

- Асанбек Тороев жеке ишкер

Наамдарды Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев тапшырды. Ал ардактуу атуулдарды куттуктап, эл-жер үчүн жасаган кызматтары үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз