Садыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикирин билдирди

Президент Садыр Жапаров Ислам академиясынын ачылышында Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча пикирин билдирди.

«Бүгүн Дохада акыркы ракеталык сокку жана Газадагы абалга байланыштуу араб мамлекеттеринин шашылыш саммити өтүп жатат. Кыргыз эли Катар жана Палестина элине тилектештик билдирет», — деди ал.
 
Президенттин айтымында, Кыргызстан эл аралык мамилелерде күч колдонууга каршы жана Жакынкы Чыгыштагы абалды андан ары курчуткан ар кандай аракеттерге жол берилбеши керектигин белгиледи.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз