Израиль Газа шаарындагы чабуулдарды баштады, - ЖМК

Axios басылмасы израилдик аткаминерлерге таянып билдиргендей, Израил аскерлери Газa шаарына карай жер үстүндөгү чабуулун баштап, аны басып алууга аракеттенүүдө. Басылма белгилегендей, операция АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Израил жетекчилиги менен жолуккандан бир нече саат өткөн соң башталган, деп жазат "CentralAsia".

Axios менен сүйлөшкөн эки израилдик аткаминердин айтымында, Рубио Израил премьер-министри Биньямин Нетаньяхуга Вашингтон жер үстүндөгү операцияны колдой турганын, бирок аны тез арада жүргүзүп, мүмкүн болушунча кыска убакытта аяктоосун каалаарын айткан.
 
Бир АКШлык чиновник болсо, Америка Израилди токтотпой турганын жана согушка байланыштуу чечимди өзү кабыл аларын белгилеген. «Бул [АКШ президенти Дональд] Трамптын согушу эмес, бул Бибинин (Нетаньяхунун лакап аты) согушу, андыктан мындан ары эмне болсо анын жоопкерчилигинде болот», — деп билдирген булагы.
 
Axios жазгандай, акыркы жумаларда Израилдин коргонуу армиясы (ЦАХАЛ) Газаны катуу аткылоону күчөтүп, шаар тургундарын түштүккө көчүп кетүүгө чакырган. ЦАХАЛдын маалыматына караганда, шаардын миллиондон ашуун калкынын ичинен 300 миңдейи Газанын түндүгүн таштап кеткен.
 
Al Jazeeraнын палестиналык булактары Израил Газага аба соккуларын улантып жатканын кабарлаган. Axios болсо шаарга танктар киргенин жазды. Channel 12 телеканалынын коопсуздук кызматындагы жогорку даражалуу булагы чабуулдарды «интенсивдүү жана олуттуу» деп мүнөздөгөн. Телеканалдын маалыматына ылайык, жардыруулар Израилдин борборунда да угулууда.
 
Ynet жазгандай, Израил армиясы 20 мүнөт ичинде 37 сокку урган, алардын айрымдары согуштук тик учактар аркылуу жасалган.
 
Мунун алдында Трамп ХАМАСтан бардык барымтадагыларды бошотууну талап кылып, болбосо «ставкаларды жокко чыгарарын» эскерткен. Нетаньяху болсо социалдык тармактагы билдирүүсүндө ага «Израилдин ХАМАС менен күрөшүн үзгүлтүксүз колдоп жатканы үчүн» ыраазычылык билдирген.
 
Барымтадагыларды кайтаруу боюнча үй-бүлөлүк штаб Газаны аткылоо тууралуу кабарлардан улам тынчсыздануусун билдирди.
 
Газаны басып алуу чечими августтун башында кабыл алынган. Бирок кээ бир жогорку даражалуу израилдик аскер башчылары бул чечимге каршы чыккан. Ynetтин маалыматына караганда, алардын арасында Башкы штабдын жетекчиси Эяль Замир да болгон, бирок кийинчерээк ал да планды колдогон.
 
Операциянын башталганын, «Гидеондун арабалары-2» деп аталуучу аскердик аракеттердин алкагында, Израилдин коргоо министри Исраэль Кац 20-августтун таңында жарыялады. ЦАХАЛдын билдиришинче, израилдик аскерлер шаар четин көзөмөлгө алган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз