Шаршенбек Абдыкеримов 10 млрд сомдук объекттерин мамлекетке өткөрүп берди
Мамлекеттин балансына Шаршенбек Абдыкеримовго таандык 10 млрд сомдон ашык ири соода борборлору жана өнөр жай объектилери өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу 15-сентябрда УКМКдан билдиришти.
УКМКнын маалыматына ылайык, көп тармактуу «Аю» холдингинин ээси «А.Ш.Ш.» [Абдыкеримов Шаршенбек Шайлообекович] мамлекеттик органдарга жалган финансылык документтерди берүү жолу менен кылмыш жолу менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу фактылары, ошондой эле өлкөнүн колдонуудагы мыйзамдарын бузуу көрүнүштөрү аныкталган.
«“Аю” холдингинин ишмердүүлүгүндө узак убакыт бою мамлекеттик органдарга жалган финансылык отчетторду берүү жолу менен милдеттүү салыктык, социалдык жана башка төлөмдөрдү төлөөдөн качуу, ошондой эле мыйзамсыз кирешелерди мыйзамдаштыруу схемасы системалуу түрдө иштеп келген. Муну камсыз кылуу үчүн мүлктүн бир бөлүгү байланышкан адамдардын атына катталып, экономикалык ишмердүүлүгүнө мыйзамдуулук көрүнүшүн берүү аракеттери жасалган», — деп билдиришти УКМКдан.
Жүргүзүлгөн тергөө-оперативдик иш-чаралардын жыйынтыгында «А.Ш.Ш.» тарабынан мамлекеттин балансына 10 млрд сомдон ашык суммага бааланган ири соода борборлору, өнөр жай базалары жана коммерциялык жайлар өткөрүлүп берилди.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.