Жаңы система боюнча шайлоо: Депутат ЖКны өзүн-өзү таркатуу демилгесинин деталдарын ачыктады

Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова («Ишеним») 16-сентябрда журналисттерге парламенттин өзүн-өзү таркатуу демилгеси тууралуу комментарий берди, деп жазат "АКИпресс" басылмасы.

Анын айтымында, президенттик жана парламенттик шайлоолордун мөөнөттөрүнүн жакындыгы көйгөй жаратып жатат, анткени алардын ортосунда жок дегенде бир жылдык аралык болушу керек.
 
Депутат жаңы шайлоо тууралуу мыйзам даяр экенин билдирди. Аны кабыл алгандан кийин Жогорку Кеңешке шайлоо бир мандаттуу округдар системасы боюнча өтүшү керек.
«Жалпысынан, шайлоолордун ортосунда бир жылдык аралык болушу керек. Президенттик жана биздин шайлоо өтө жакын келип калды. Экинчиден, биздин мыйзам даяр. Жаңы мыйзам кабыл алынгандан кийин биз округдар системасы менен иштешибиз керек [30 округдан 3төн депутат]», — деди Султанбекова.
 
Анын белгилешинче, шайлоо системасын өзгөртүү демилгеси мыйзам кабыл алынгандан бери парламентте талкууланып келе жатат. 2021-жылы, жетинчи чакырылыш келгенден кийин, 22 депутат Жогорку Кеңештен чыкканын, бул дагы реформалардын зарылдыгына таасир эткенин эске салды.
 
Султанбекова кошумчалагандай, 32 депутаттан турган демилгелүү топ реформаларды ишке ашыруу жана мамлекеттин туруктуулугу үчүн парламенттин өзүн-өзү таркатуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатат.
«Бул биздин чечим. Биз мамлекеттин келечегин ойлоп жатабыз, ошондуктан мындай чечимге келип жатабыз. Жогорку Кеңеш колдойбу же жокпу — бул башка маселе», — деди ал.
 
Депутат жаңы шайлоолорду өткөрүүгө бюджет даяр экенин, Борбордук шайлоо комиссиясы да даярдыгын ырастаганын билдирди. Бирок депутаттардын арасында пикир ар кандай: айрымдары парламенттин мөөнөтүн аягына чейин бүтүрүп, анын ишинин натыйжалуулугун арттырууну туура көрүшөт.
 
Жетинчи чакырылышка оппозициянын жоктугу жана курч маселелерди көтөрүүдөгү пассивдүүлүгү боюнча сынга жооп берип жатып, Султанбекова башкаруу системасынын өзгөрүшү депутаттардын ыйгарым укуктарын азайтканын түшүндүрдү.
Анын айтымында, мурда парламент министрлерди жана премьер-министрди чакыра алса, азыркы учурда алардын ролу сунуш берүү менен гана чектелүүдө, ал сунуштар ар дайым аткарыла бербейт.
 
«Азыр башка система, биздин ыйгарым укуктар азайды. Биз сунуш киргизе алабыз, бирок аны кабыл алышабы же жокпу — бул башка маселе», — деди ал.
 
Султанбекова бул чакырылыштын жетишкендиктерин да белгиледи. Алардын ичинде курултай жөнүндө, региондордогу реформалар жана бейөкмөт уюмдардын ишин жөнгө салуу тууралуу мыйзамдар бар. Анын пикиринде, бул мыйзамдарга бааны убакыт берет.
 
Парламентти өзүн-өзү таркатуу демилгеси боюнча баяндамачы ким болору азырынча тактала элек. Султанбекованын айтымында, бул кийинчерээк аныкталат.
 
Депутат кошумчалагандай, демилге Конституциялык комитетке түшүп, ал 23-сентябрда кезектеги жыйында каралат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз