Жогорку Кеңештин депутаттары парламенттин өзүн-өзү таркатуусу тууралуу кептерге жооп беришти

Жогорку Кеңеште жана коомчулукта парламенттин мүмкүн болуучу өзүн-өзү таркатуусу жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тууралуу ушактар активдүү талкууланууда.

«АКИпресс» агенттиги депутаттардан бул боюнча алардын пикирин сураган.
 
Акылбек Тумонбаев (Ак-Суу шайлоо округу):
«Мен азырынча даярданган жокмун, билбейм деле. Кийинки шайлоого дагы бир жылдан ашык убакыт бар».
 
Алишер Эрбаев («Бүтүн Кыргызстан»):
«Ушактар айтылып жатат. Мыйзам боюнча болгону өзүн-өзү таркатуу жолу бар, башка варианттар жок. Мындай чечимди көпчүлүк добуш менен гана кабыл алса болот. Өзүн-өзү таркатууга себеп көрбөйм. Сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Азыр да кесиптештер менен бул тууралуу сүйлөштүк. Кыргызстанда баары болушу мүмкүн».
 
Улан Примов (Алай шайлоо округу):
«Мен да башка депутаттар сыяктуу эле элден, кесиптештерден мындай ушактарды угуп жатам. Депутаттардын көпчүлүк добушу менен кабыл алынган чечимди колдойм. Бирок бул маселе азырынча ушак деңгээлинде гана талкууланууда. “Ишенимди актабадык” деген себепке байланыштуу таркап кетет дегенге ишенбейм. Биз президенттик шайлоону 2027-жылдын январында өткөрүүнү бекиттик, ал эми парламенттик шайлоо кийинки жылдын ноябрында пландалган. Алардын ортосунда болгону бир нече айлык аралык бар. Бул да негиз болушу мүмкүн. Мындай ири саясий иш-чаралардын ортосунда жок дегенде жарым жылдык тыныгуу болушу керек. Бул саясий туруктуулукту камсыздайт. Эки шайлоону бириктирүү мүмкүн эмес деп ойлойм. Шайлоолордун биринде болсун, бийликтин бир бутагы туруктуу иштеп турушу зарыл».
 
Нилуфар Алимжанова («Альянс»):
«Чынын айтсам, билбейм. Шайлоо болот дешет, мен өзүм эч кандай даярданган жокмун».
 
Балбак Түлөбаев («Ынтымак»):
«Пландалган парламенттик шайлоо 2026-жылдын ноябрында өтүшү керек. 2027-жылдын январында президенттик шайлоо болот. Ага үч ай калганда президенттик шайлоо жарыяланышы зарыл. Эгерде парламенттик шайлоону ноябрда баштасак, анда президенттик шайлоону качан жарыялайбыз? Жарайт, юридикалык жагын табабыз дейли. Бирок биз республикалык бюджетти да кабыл алышыбыз керек. Андан тышкары жаңы парламент кандай мүнөздө болот деген маселе бар. Биз өнүгүү жолунда бара жатабыз. Ар кандай курамдагы парламентти көрдүк. Кийинкиси кандай болот? Көп өлкөлөрдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо өткөрүү тажрыйбасы бар. Өлкөнүн кызыкчылыгы жана коомдун өнүгүшү үчүн мындай кадамга барууга болот. Мен шайлоо 8 айдын ичинде өтөт деп ойлогом. Эгер апрелде өтсө, анда май-июнда жаңы өкмөт түзүлүп, күзүндө президенттик шайлоо жарыяланмак. Бирок күчтүү ушактар ноябрдын аягында болот деп жатат. Анда Жогорку Кеңеш сентябрдын аягында өзүн-өзү таркатууга тийиш, шайлоо жараяны 45 күнгө кыскарат. Жаңы чакырылыш, балким, декабрдын аягында ишин баштайт. Өзүм болсо шайлоого барам, 2021-жылдан бери ушул багытта иштеп келе жатам».
 
Мирлан Самыйкожо (Кочкор шайлоо округу):
«Ушактарга ишенүүнүн кереги жок. Мындай нерсе болгону парламент өзү кааласа гана ишке ашат. Биз жаңы эле ишке кириштик. Чечимди коллегиалдуу кабыл алабыз. Шайлоо качан өтсө да айырмасы жок, мен барыбер катышам».
 
Алишер Козуев («Ата-Журт Кыргызстан»):
«Бул алдын ала маалыматтар гана. Азырынча бул маселе боюнча так сунуш айтылган жок. Эгер сунуш болсо, анда карап чыгабыз. Демилге көтөрүлсө, Адилет министрлиги, Борбордук шайлоо комиссиясы да мыйзам боюнча өз комментарийин берет деп ойлойм. Эгер бул өлкөнүн кызыкчылыгына тиешелүү болсо, анда биз аларды жеке кызыкчылыктан жогору коюп, таркап кетүүгө даярбыз. Биз президенттик шайлоону 2027-жылдын январына белгилегенбиз. Ошондуктан мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүү же парламенттик менен президенттик шайлоону бириктирүү маселесин карап көрүшүбүз керек. Президенттик шайлоого туш келип калбаш үчүн биринчи вариант туура көрүнөт».
 
Эрнис Айдаралиев («Ыйман Нуру»):
«Биз да бул тууралуу угуп жатабыз. Бирок расмий маалымат жок. Көрө жатарбыз. Шайлоого сөзсүз барам».
 
Динара Ашимова («Ыйман Нуру»):
«Мен кулуарда айтылган кептерге ишенгенге көнгөн эмесмин. Өзүн-өзү таркатууга объективдүү же субъективдүү себеп жок. Бул маселени кимибиз көтөрөт деген суроо турат. Мындай демилге жакшы негизделиши керек. Көрөбүз. Бүгүн жыйналдык, бул боюнча эч кандай талкуу болгон жок».
 
Эльмурза Сатыбалдиев (Өзгөн шайлоо округу):
«Мен да мындай сөздөрдү угуп жатам, бар экен. Бул маселе коомдо гана эмес, Жогорку Кеңеште да талкууланууда. Бирок мен кабарым жокмун. Жогорку Кеңеш таркап кетиши үчүн өзүн-өзү таркатуу болушу керек. Демилгечилер азырынча жок, алар парламенттин үчтөн бир бөлүгү болушу зарыл. Демилге көтөрүшсө, анан анын себебин көрөбүз».
 
Алдыдагы парламенттик шайлоо Кыргызстанда жаңы система боюнча өтөт — 30 көп мандаттуу округ түзүлүп, алардын ар биринен 3 депутат шайланат (2 эркек, 1 аял). Партиялар округдардан талапкерлерин көрсөтө алышат.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз