Сокулук районунун акиминин орун басары Расулбек Садыков кармалды

Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Чүй облусунун ИИББнин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ири айыл чарба жерлеринин ээлери менен мамлекеттик органдардын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу 18-сентябрда билдиришти, деп жазат "Сводка АКИпресс".
 
Тергөө версиясына ылайык, 2012-жылдан бери бул жер ээлери мыйзамсыз түрдө 200 гектардан ашык айыл чарба жерлерин жеке турак жай курулушуна арналган жерлерге өткөрүп, кийинчерээк сатып жиберүүнү көздөшкөн. Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөр бир эле жер тилкесин бир нече жаранга сатып келишкен. Натыйжада жарандар акчасыз да, жер тилкесиз да калышкан.
 
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») боюнча катталган.
 
Милиция буга чейин ири жер ээлеринин бешөөнү кармаган: К.К., Ж.Н., Т.Т., О.А. жана К.А.
 
16-сентябрда Сокулук районунун акимдин орун басары С.Р. (1983-жылы туулган) кармалган.
 
Учурда тергөө жүрүп жатат.
 
Инициалдарга ылайык, С.Р. – Сокулук районунун биринчи орун басары Садыков Расулбек Торокелдиевич болушу мүмкүн. Ал 2024-жылдын 31-октябрында бул кызматка дайындалган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз