Студенттер контракт менен үйлөрдүн ижара акыларынын кымбаттыгы боюнча нааразы, - депутат
Студенттер окуу жайдагы контракттын жана батирлердин ижара акыларынын кымбаттыгына нааразы болуп жатканын «Альянс» фракциясынын депутаты Нилуфар Алимжанова 17-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди, деп жазат "Билим АКИпресс".
Анын айтымында, Медициналык университеттин студенти контракттын баасы 200 миң сом экенин айткан. «Мындай бааларды кайра карап чыгуу керек. Студенттер окуйбу же контрактка акча табабы?» – деп нааразы болду депутат.
Ал мамлекет жаш үй-бүлөлөр жана студенттер үчүн батир ижарасынын баасын көзөмөлгө алышы керектигин белгиледи.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.