"Министрдин кызынын махабаты" тасмасы менен таанымал актриса күйөөсү колун сындырып койгонун айтып чыкты
Социалдык тармактарда актриса Роза Азимбаева кайрылуу жасаган видео тарады. Ал күйөөсүнүн үй-бүлөлүк зомбулугуна кабылып жатканын билдирди.
Анын айтымында, күйөөсү колун сындырып салган.
Свердлов райондук ИИБдин басма сөз кызматынан маалымдашкандай, бул факт боюнча териштирүү иши башталып, анын алкагында актриса менен жолдошу М.А., 1983-жылы туулган, милицияга жеткирилген.
Соттук-медициналык экспертиза дайындалды.
39 жаштагы Роза Азимбаева «Министрдин кызынын махабаты» тасмасындагы ролу аркылуу таанымал болгон.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.