Пенсияга чыгуугу эң ылайык өлкө аталды
Пенсияга чыгууга эң ылайыктуу өлкөлөр аталды. Global Intelligence Unit тарабынан даярдалган 2025-жылга карата Глобалдык пенсиондук отчетко ылайык, пенсияга чыгууга эң мыкты өлкө катары Португалия табылды.
Отчет эл аралык пенсиондук миграциянын (IRM) өзгөрүлүп жаткан абалын тактап, багыт көрсөткөн комплекстүү салыштырма изилдөөнүн негизинде түзүлгөн. Анда 44 өлкөдөгү пассивдүү киреше жана пенсиондук визанын 44 программасы бааланган. Талдоо 20 өзүнчө көрсөткүчкө негизделген, алар 6 субиндекске жана бир жалпы индекске топтолуп, пенсияга чыгууга эң ылайыктуу өлкөнү аныктоого багытталган.
Быйылкы рейтингде Португалия, Маврикий, Испания, Уругвай жана Австрия алдыңкы орундарды ээлешти. Бул өлкөлөр бардык параметрлер боюнча эң жогорку упайларга ээ болуп, 2025-жылы пенсионерлер үчүн эң жагымдуу багыттар деп табылды.
Португалия чет өлкөдө пенсияга чыгуу үчүн эң мыкты өлкө деп таанылды. Өлкө Евробиримдикке кирбеген мамлекеттердин жарандарына D7 визасын сунуштайт. Ал эми бул виза туруктуу пассивдүү кирешеси барларга – мисалы, пенсия же ижарадан түшкөн кирешеси барларга – пенсияга чыгууга мүмкүнчүлүк берет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.



