Вьетнамдын жеңиши, Кыргызстан – экинчи, Тажикстан – 5-орун, Казахстан – 7-орун, Өзбекстан – 10-орун. «Интервидение-2025» боюнча өлкөлөр кайсы орундарды ээлешти?

Москва шаарында 20-сентябрда Live Arena аянтчасында 23 өлкөнүн аткаруучуларын бириктирген «Интервидение-2025» музыкалык сынагы болуп өттү.

Жыйынтыгында Вьетнамдык ырчы Дык Фук Phu Dong Thien Vuong аттуу чыгармасы менен жеңишке жетип, эл аралык калыстар тобунун добуш берүүсүндө 422 упай топтоду. Ырчы баллада менен RnB жана EDM жанрларын айкалыштырган эмоционалдуу стили менен белгилүү.

Экинчи орунду Кыргызстандык үчилтик Nomad ээледи. Анын курамына Азат Раимбердиев, Бек Исраилов жана Минжашар Мурзаев кирет. Алардын «Жалгыз сага» («Только тебе») аттуу сынактык ыры салттуу кыргыз обондорун заманбап аранжировка менен айкалыштырды.

Үчүнчү орунду Катардан келген ырчы Дана Аль-Мир «Huwa Dha Anta» («Бул дал өзүңсүң») аттуу чыгармасы менен алды. Ал мурда FIFA 2022 дүйнөлүк чемпионатынын жана 2023 Азия кубогунун ачылыш жана жабылыш аземдеринде өзүнүн автордук «The Lost Chapter of Kalilah & Demnah» аттуу чыгармасын аткарган. Өлкөсүндө ал музыкалык долбоорлорду жетектеп, жаш аткаруучуларды колдоп жана маданий агартууну өнүктүрүп келет.

Бирок 23 өлкөнүн ичинен жыйынтыктоочу добуш берүүгө болгону 21 өлкөнүн артисттери катышты.

Борбор Азиядан «Интервидениеге» Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан катышышты. Жыйынтыктоочу добуш берүүнүн негизинде Тажикстандан келген Фаррух Хасанов «Гори» аттуу ырды аткарып, 5-орунду ээледи. Казакстандык Amre «Даланың нұры» («Даланын нуру») чыгармасы менен 7-орунга жайгашты. Өзбекстанды Шохрух Мирзо Ганиев «Sensan Sevarim» («Миллий терма») аттуу ыр менен тааныштырып, 10-орунду алды.

21 өлкөнүн катышуусунун себеби катары эки жагдай айтылды:

АКШны өкүлчүлүк кылган, теги австралиялык ырчы Vassy сахнага чыкпай калды. Уюштуруучулар муну «Австралия өкмөтүнүн мурда болуп көрбөгөндөй саясий басымы» деп түшүндүрүштү. Ошол эле учурда уюштуруу комитети АКШ толук кандуу катышуучу бойдон каларын жана эл аралык калыстар курамында өкүлчүлүк кыларын билдирди.

Орусияны тааныткан ырчы Shaman (Ярослав Дронов) өзүнүн чыгышынан кийин калыстардан добуш берүүдөн чыгарууну өтүндү. Ал муну «меймандостук мыйзамына ылайык жеңишке талапкер болууга акысы жокмун» деп түшүндүрдү.

«Мен чын жүрөктөн ишенем: биздин өлкө буга чейин эле жеңишке жетти. Мындай масштабдуу музыкалык фестивалды кайрадан жандандырып өткөргөнүбүз – чоң жетишкендик. Азыр дүйнөдө ушундай деңгээлде элди, өлкөлөрдү, континенттерди жакындаткан иш-чаралар өтө аз. Эл аралык «Интервидение» дал ушундай музыкалык жана достуктун майрамына айланды. Ал эми Орусиянын достук кылганды жакшы билерин биз иш жүзүндө көп жолу далилдедик», — деди ал.

Конкурстун финалында Орусиялык ырчылар сахнага чыгышты: Дима Билан, Полина Гагарина, Ay Yola, алып баруучулар Алексей Воробьев менен Аида Гарифуллина. Элдик обонду Пелагея жана Татьяна Куртукова («Матушка-земля») аткарышса, Клава Кока «Травы у дома» чыгармасынан куплеттерди ырдады.

Түз эфир учурунда кийинки «Интервидение-2026» сынагын өткөрүүчү өлкө да жарыяланды – бул жолку кожоюн өлкө Сауд Аравиясы болмокчу.

«Интервидение» ыр сынагы 1960-жылдары Чехословакияда өткөн, ал эми 70-жылдары Польшанын Сопот шаарында кыскача жандануусун баштан кечирген. Сынак негизинен социалисттик өлкөлөрдүн теле- жана радиоберүүчүлөрүн бириктирген OIRT уюмунун демилгеси менен уюштурулуп келген.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз