Португалия Палестинаны расмий түрдө тааныды

Португалия Палестина мамлекетин расмий тааныды. Бул тууралуу жекшемби күнү, 21-сентябрда кечинде өлкөнүн тышкы иштер министри Паулу Ранжел билдиргенин Deutsche Welle жазды.

«Португалия эки мамлекеттин түзүлүшүн караган чечимди (палестина-израиль жаңжалында) адилеттүү жана узак мөөнөттүү тынчтыктын жалгыз жолу деп эсептейт», – деди ал.

Ошол эле учурда Ранжел Португалиянын Израиль мамлекетинин жашоого болгон укугун таануу позициясына бекем берилгенин белгиледи. Мындан тышкары, ал «португал жана израиль элинин ортосундагы өзгөчө достукту» эске салып, Лиссабон «2023-жылдын 7-октябрында ХАМАС террордук уюму тарабынан жасалган коркунучтуу теракттарды» айыптай турганын кошумчалады.

Ошондой эле дипломат исламчыл согушкерлердин колунда калган израилдик барымтадагы адамдарды тез арада бошотууну жана каза тапкан барымтадагылардын сөөктөрүн жакындарына өткөрүп берүүнү талап кылды. Ал ошондой эле антисемитизмдин бардык көрүнүштөрүнө каршы күрөшүүгө чакырды.

21-сентябрда Улуу Британия, Канада жана Австралия бийликтери да Палестина мамлекетин таануу жөнүндө жарыялашты. Бул өлкөлөрдөн тышкары Палестинаны БУУнун 193 мүчөсүнүн ичинен 147си тааныйт. Ал эми 22-сентябрда Франция БУУда Палестинаны таанууга арналган конференция өткөрөт.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз