Стабулда орус-украин делегацияларынын сүйлөшүүлөрү жыйынтыкталды. Тараптар кандай жыйынтыкка келишти?
Стамбулда Орусия менен Украина өкүлдөрүнүн түз сүйлөшүүлөрүнүн экинчи айлампасы аяктады, деп жазат "CentralAsia".
Сүйлөшүү болжол менен бир саатка созулуп, бул май айында өткөн биринчи айлампага караганда эки эсе кыска болду.
Жолугушуу Босфор жээгиндеги Чыраган сарайында өттү. Орусиялык делегацияны буга чейинкидей эле президенттин жардамчысы Владимир Мединский жетектесе, украин делегациясына коргоо министри Рустем Умеров башчы болду.
Киев сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эмне деп билдирди?
«Би-би-си» маалымдагандай, сүйлөшүүлөрдөн кийинки маалымат жыйында украин делегациясы Москва өз талаптарын тапшырганын, эми Украина бул документти изилдеп чыгып, кийинки кадамдарын аныктай турганын айтты.
Украина Орусия алып кеткен балдарды жана туткундарды кайтарууну талап кылууда. Москвага Украина кайтарууну талап кылган бир нече жүздөгөн балдардын тизмеси берилди. Жарадарлар боюнча Украина башында оор жаракат алган, 19-25 жаштагы жаш жоокерлерди «баарын баарына» формуласы менен алмашууну жана курман болгондордун сөөктөрүн кайтарып берүүнү сунуштады.
Ошондой эле украин делегациясы Орусия жана Украина президенттери менен АКШ президентинин катышуусунда жолугушууну ушул айдын аягында — 20-30-июндар аралыгында өткөрүүнү сунуштады.
Украин делегациясынын мүчөсү, ТИМ жетекчисинин орун басары Сергей Кислица Россия өз меморандумун дал ушул жолугушууда тапшырганын эске салды. «Орусия өзү биз аны жакшылап окуп чыгалы деп сунуштады», — деди ал.
Financial Times басылмасынын журналисти Кристофер Миллер жарыялаган украин меморандуму беш бөлүмдөн турат: сүйлөшүүлөрдүн негизги принциптери жана жүрүшү; ок атышууну токтотуу жана лидерлердин жолугушуусуна даярдык; ок атышууну токтотуу; ишенимди чыңдоо чаралары; лидерлердин жолугушуусу.
Документте Украина мурда да ачык айтып келген талаптар камтылган. Мисалы, 30 күнгө (узартууга мүмкүн) абада, кургактыкта жана деңизде толук жана сөзсүз ок атышууну токтотуу талап кылынат.
Ошол эле учурда меморандумда көңүл бурдурган пункттар бар. Маселен, Украина коопсуздук кепилдигин талап кылып, «бейтарап бойдон калуу» милдетин алуудан баш тартарын билдирет.
Айрыкча, Киев НАТО же Евробиримдикке мүчө болууга умтулууга укуктуу экенин белгилейт. Украин армиясына же достук өлкөлөрдүн контингентин өз аймагында жайгаштырууга эч кандай чектөө болбошу керектиги айтылат.
Москва болсо, Украина НАТОнун мүчөсү болбошу керектигин кагылышуунун «негизги себебин жоюу» катары көп айткан.
Башка бир пунктта айтылгандай, Киев Москвага карата айрым санкциялар этап-этабы менен алынышы мүмкүн экенин моюнга алат. Ошол эле учурда “snapback sanctions” — санкциялар автоматтык түрдө кайра калыбына келтирилүүчү механизм сунушталат. Бул механизм азыр Иранга карата БУУ санкцияларында колдонулууда.
Москва сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында эмне деди?
Орусиянын делегациясынын башчысы Владимир Мединский россиялык ЖМКларга сүйлөшүүлөрдөн кийин берген билдирүүсүндө бир нече «практикалык маселелер» чечилгенин айтты.
Анын ичинде ал украин тарапка 6 миң аскердин сөөгүн өткөрүп берүү маселеси бар экенин, бул келерки жумада ишке ашарын билдирди.
Мединский Орусия менен Украина оор жарадарларды, оорукчандарды жана 19-25 жаштагы туткундарды «баарын баарына» формуласы менен чоң алмашуу тууралуу макулдашканын ырастады. Анын айтымында, эки тарап медициналык комиссияларды уюштурат жана мындай алмашуулар туруктуу болот.
Ошол эле учурда Москва Киевдин толук ок атышууну токтотуу сунушун четке каккандай болду. Мединскийдин айтымында, Россия Украинага фронттун айрым тилкелеринде «2-3 күнгө ок атышууну токтотууну» сунуштаган. Бул «командирлер өз жоокерлеринин сөөктөрүн алып кетиши үчүн» сунушталган.
Мединский Украина берген 339 баланын тизмесин да көрсөттү жана «балдар маселеси шоуга айланып калды» деп айтты.
Мындан тышкары сүйлөшүү маалында Орусия Украинага өз шарттарын камтыган меморандум тапшырды. Кечинде бул документти ТАСС мамлекеттик агенттиги жарыялады. Анда Москва мурда да ачык айтып келген талаптар камтылган. Мисалы, Киевдин аскердик альянстарга жана коалицияларга (НАТО жана ЕБ) кошулуудан баш тартуусу, украин армиясынын санын чектөө, Украинанын ядролук макамдан баш тартуусу.
Ошондой эле документте ЛНР, ДНР жана Запорожье менен Херсон облустарынын айрым бөлүктөрүн Орусиянын аймагы катары таануу талабын камтыйт.
Меморандумдун экинчи бөлүгүндө ок атышууну токтотуу үчүн эки вариант сунушталган. Биринчиси — Украина өз аскерлерин ЛНР, ДНР, Херсон жана Запорожье аймактарынан толук чыгарып кетиши керек.
Экинчи вариантта Украина аскерлеринин кайра жайгашуусуна, Батыштан курал-жарак жеткирүүгө, үчүнчү өлкөлөрдүн аскерлеринин Украинада болушуна тыюу салынат, ошондой эле мобилизация токтотулуп, аскердик абал жоюлушу керек.
2022-жылдын жазынан бери өткөн алгачкы түз сүйлөшүү айлампасы ушул жылдын 16-майында Стамбулда өткөн. Анда украин булактары Россия ок атышууну токтотуу үчүн кабыл алгыс талаптарды койгонун, айрыкча оккупацияланган аймактардан украин аскерлерин чыгарып кетүүнү талап кылганын билдиришкен.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 1000 адамды 1000 адамга алмашуу формуласы боюнча ири туткун алмашуу макулдашылганы жана ар тараптуу тынчтык боюнча меморандумдар даярдала турганы расмий жарыяланган.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.