Шашылыш билдирүү: 24-25-сентябрларда -2 градуска чейин суук болору күтүлүүдө
Кыргызстанда 23-сентябрда күндүз жана 24-сентябрда түнкүсүн туруксуз аба ырайы күтүлөт: мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөйт, тоо кыркаларында кар түшөт. Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарында, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан-чачын интенсивдүү болот.
Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй облусунун тоо этектеринде 24-25-сентябрда түнкүсүн жана таңга жуук -2° чейин үшүк күтүлөт.
Мындай үшүк жемиш жана жашылча өсүмдүктөрүнө, казылып бирок жабылбай калган картошка, кызылча сыяктуу түшүмдөргө коркунуч жаратат.
Ошондой эле абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с, айрым жерлерде 15-20 м/с чейин күчөйт.
Туруксуз аба ырайы автотранспорттун, байланыш, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, малды жайытка чыгарып багууну татаалдаштырат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




