Садыр Жапаров: "Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун талап кылабыз"

“Газадагы согушту жана үрөй учурган окуяларды токтотуу үчүн дагы эмне кылуу керек?”, - деп суроо салды Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-сентябрда, Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын Жалпы дебаттарында сүйлөп жатып.

Мамлекет башчы дүйнө Газа тилкесиндеги аёосуз кагылышуулардын айынан эбегейсиз жоготууларга учурап жаткан Палестина элине тилектеш болушу керектигин белгиледи.

Ал бүткүл дүйнөнүн көз алдында өтүп жаткан адам чыдагыс трагедияга кайдыгер карабоого чакырды. 

“Биз палестиналыктарга каршы геноциддин токтотулушун жана БУУнун Эл аралык соту тарабынан эл аралык соттук иликтөөнүн башталышын талап кылабыз!”, - деди Мамлекет башчысы.

Президент тынчтыкты орнотуунун бирден-бир жолу: «Эки эл үчүн – эки мамлекет» принцибин ишке ашыруу экенин баса көрсөттү.

Президент Садыр Жапаров Палестина 1967-жылдагы чек аралардын негизинде көз карандысыздыкка ээ болушу керектигин айтты.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз