Маданият министрлиги менен «Евразия Кей Джи» коомдук фонду кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту
Бүгүн, 25-сентябрь Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги менен «Евразия Кей Джи» коомдук фонду кызматташуу тууралуу Меморандумга кол койду. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, документке Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев жана «Евразия Кей Джи» коомдук фондунун директору Кымбат Урумкулова кол койду.
"Меморандумдун негизги максаты – жаштар саясаты чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, жаштар демилгелерин колдоо жана маданий мурастарды сактоо",- деп айтылат маалыматта.
Тараптар мындан аркы узак мөөнөттүү кызматташтыкты улантууга жана жаңы өнөктөштүк багыттарын өнүктүрүүгө даяр экендигин белгилешти.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




