Оштун мэри президенттин катуу сөгүшү боюнча комментарий берди

Бүгүн, 25-сентябрда Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев президенттен алган катуу сөгүш боюнча Turmush басылмасынын аймактык кабарчысына комментарий берди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.

Мэр: "Президентибиз Садыр Нургожоевичтин сын пикирин кабыл алдым. Эми иштеш керек болот, иштеп жатабыз".

Журналист: "Ал эмне боюнча эле? Ошол жабык бойдон калды да".

Мэр: "Ооба".

Журналист: "Ош-Ситиге" байланыштуу деп жатышат. Андай эмеспи?".

Мэр: "Билбейм. Уруксат берсеңиздер мен иштей берейин".

Калаа башчысы мындан тышкары Ошто ишкер Жалил Атамбаев паркка көп кабаттуу үйлөрдү салып алганы боюнча да комментарий берди.

Мэр: "Ал жерге үй курулуп кеткен. Мурда парк болгон экен. Жалил Атамбаев өзү курган экен. Биз ошонун маңдайына жаңы парк куруп жатабыз".

Буга чейин 16-сентябрда президент Садыр Жапаров Оштун мэрине этика ченемдерин аткарбаганы, жүктөлгөн эмгек милдеттерин талаптагыдай эмес аткарганы үчүн катуу сөгүш берген.

Анын эртеси 17-сентябрда президент Садыр Жапаров мэрге жаңы кызматтык унаа белек кылганы белгилүү болгон. Мэрия калаа башчысына унаа 17-сентябрда Жеңишбек Токторбаевдин Бишкекке болгон иш сапарында тапшырылганын билдирген.

Мэрге «LiXiang L9» үлгүсүндөгү унаа берилген. Бул унаалардын баасы чыгарылган жылына жана комплектациясына жараша 30 миң доллардан 65 миң долларга чейин.

9-июлда УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Оштун Жеңишбек Токторбаевге президент Садыр Жапаровдун атынан унаа белек кылганы белгилүү. Анда ага кытайлык өндүрүштөгү «Changan X5 Plus» үлгүсүндөгү унаа тапшырылган.

Кыргызстанда «Changan X5 Plus» унаасынын баасы 11 500дөн 13 200 АКШ долларына чейин. Баа унаанын комплектациясынан жана чыккан жылынан көз каранды. Мисалы Бишкек шаарында 2025-жылы чыккан, кыймылдаткычы 1.5 литр болгон «Changan X5 Plus» унаасынын баасы 12 000 долларга чейин болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз