Султанбай Айжигитов мындан ары депутат эмес. БШК анын каттоосун жокко чыгарды
28-мартта Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитовдун каттоосун жокко чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
Айжигитов «Ыйман Нуру» партиясынан Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Бул маселе каралган жыйында Айжигитов өзү, анын адвокаты, ошондой эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.
БШКнын төрагасы Тынчтык Шайназаров бул маселени кароого негиз болгон себеп – УКМКнын тергөөчүсүнүн кат менен кайрылуусу экенин билдирди.
УКМКнын бөлүм башчысы Жеңиш Сейитовдун айтымында, 2018-жылы Айжигитовго карата бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголгон жана ал өлкөдөн чыгууга тыюу салынган. 2020-жылы Сокулук райондук соту аны күнөөлүү деп таап, 2021-жылы Чүй облустук соту бул өкүмдү күчүндө калтырган. Бирок ошол убакта мөөнөтү эскиргендиктен, Айжигитов жазага тартылган эмес.
Депутаттыкка талапкер катары катталуу үчүн паспорттун көчүрмөсү, соттуулугу жоктугу тууралуу маалымкат жана башка документтер тапшырылышы керек. Сейитовдун айтымында, каттоодон өтүүдө Айжигитов анкетада соттуулугу жок деп көрсөткөн, бул болсо шайлоо мыйзамдарын бузуу болуп саналат.
Айжигитовдун адвокаты эмне үчүн бул жагдай 2021-жылы каттоо маалында эске алынган эмес деп суроо узатты. Буга жооп катары Шайназаров БШК талапкерлердин соттуулугу тууралуу маалыматты ИИМден текшерерин айтты. Айжигитов документтерин тапшыргандан кийин БШК тиешелүү суроо жөнөткөн, ал эми ИИМден «Соттуулук боюнча маалымат жок» деген жооп келген. Дал ушул негизде ал катталган.
Талкуу учурунда Айжигитов БШК төрагасынан: «Эгерде сот өкүм чыгарса, бирок жаза колдонулбаса, бул соттуулук болуп эсептелеби?» – деп сурады. Буга Шайназаров анын сот өкүмү чыкканын мойнуна алар-албасын тактады. Айжигитов «ооба» деп жооп берип, бирок дагы бир жолу сурады: «Бул соттуулук болуп эсептелеби?»
Талкуудан кийин маселе добуш берүүгө коюлду. 11 мүчө «макул», 1 мүчө «каршы» деп добуш берди.
Депутаттык мандаттын мыйзамдуулугу тууралуу маселе март айынын башында Айжигитов кыргыз-тажик чек арасы боюнча келишимдин айрым пункттарына каршы чыккан соң көтөрүлгөн. Ошол эле күнү «Ыйман Нуру» фракциясы аны фракциядан чыгарганын билдирип, Айжигитов чек ара маселеси боюнча сүйлөйрдөн мурун фракция менен кеңешпегенин жүйө келтирген.
19-мартта парламент жыйынында УКМК башчысы Камчыбек Ташиев Айжигитовдун эмнеге чек ара келишиминин айрым пункттарына каршы экенин түшүнүү үчүн анын досьесин чогултканын билдирди. Анын айтымында, дал ушул материалдардан Айжигитов БШКга соттуулугу тууралуу документти көрсөтпөгөнү аныкталган. Бул болсо анын депутаттык мандатын жокко чыгарууга негиз болушу мүмкүн.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.