АКШда жашап, иштөө үчүн 5 миң доллар төлөө жетиштүүбү? Трамптын жаңы долбоору

АКШнын президенти Дональд Трамп АКШ болжол менен 5 миллион долларга «алтын карталарды» сатуу ниетинде экенин билдирди. Бул карталар чет элдик жарандарга АКШда жашап, иштөөгө мүмкүнчүлүк берет.

 
«Биз бул картанын баасын 5 миллион доллардын тегерегинде белгилейбиз. Ал грин-картанын артыкчылыктарын берип, жарандык алууга мүмкүндүк түзөт. Бай адамдар биздин өлкөгө келип, бул картаны сатып ала алышат», — деп Трамп Ак үйдүн Оваль кабинетинде журналисттерге айтты.
 
Жолугушууга катышкан АКШнын соода министри Говард Латник «алтын карта» өкмөттүк инвестор-иммигранттарга берилүүчү EB-5 визасын алмаштырарын белгиледи.
 
«Албетте, алар (картаны сатып алуучулар – ред.) текшерүүдөн өтүүгө тийиш», — деп кошумчалады Латник.
Президент Трамп карталарды сатууну болжол менен эки жуманын ичинде баштоо пландалып жатканын айтты.
 
Ал эми журналисттердин «Бул карталарды орус олигархтарына сатуу мүмкүнчүлүгүн карап жатасызбы?» деген суроосуна, Трамп: «Ооба, мүмкүн. Мен айрым орус олигархтарын билем — абдан жагымдуу адамдар», — деп жооп берди.
 
Жаңы программа АКШнын иммиграциялык саясатына чоң өзгөртүү алып келиши мүмкүн. Бирок бул демилге Конгресстин жана коомчулуктун кандай реакциясын жаратаары азырынча белгисиз.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз