Трамп Зеленскийди кайрадан айыптап, "диктатор" деп атады

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийди кайрадан сынга алды. Анын ою боюнча, «чыныгы чоң ийгиликтерге жетпеген комик» Зеленский АКШны 350 миллиард долларды «утууга мүмкүн болбогон жана башталбашы керек болгон согушка» сарптоого ынандырган, деп жазат "CentralAsia" басылмасы.

Трамптын айтымында, АКШ Украинаны колдоого Европа өлкөлөрүнө караганда 200 миллиард долларга көбүрөөк каражат бөлгөн, бирок мунун ордуна эч нерсе алган жок. Ал мурдагы президент Жо Байден бул жагдайда «тең салмактуулукту» талап кылбаганын белгиледи.

«Бул согуш биз үчүн эмес, Европага алда канча маанилүү, анткени биз менен алардын ортосунда чоң жана кооз океан бар. Мындан тышкары, Зеленский биз жөнөткөн каражаттын жарымы “жоголгонун” моюнга алат. Ал шайлоо өткөрүүдөн баш тартууда, анын украин эли арасындагы рейтинги өтө төмөн жана анын бирден-бир жетишкендиги – Байденди “скрипкадай ойногону”.

"Ал шайлоосу жок диктаторго айланды, Зеленский шашылбаса, өлкөсүнөн кол жууп калышы мүмкүн. Ошол эле учурда биз согушту токтотуу боюнча Россия менен ийгиликтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз, жана бардыгы согушту токтото ала турган жалгыз адам – Трамп жана Трамптын администрациясы экенин моюнга алууда. Байден мындай аракет да кылган жок, Европа тынчтыкка жетише алган жок, ал эми Зеленский, сыягы, “каржылык агым” улануусун каалап жатат. Мен Украинаны жакшы көрөм, бирок Зеленский начар иш алып барды. Анын өлкөсү кыйрады, миллиондогон адамдар жөн эле курман болду – жана бул уланууда», – деп жазды Трамп Truth Social социалдык тармагында.

Буга чейин Трамп Украинада президенттик шайлоо өткөрүү зарыл экенин айткан:

«Бизде Украинада шайлоо өтпөй жаткан кырдаал түзүлдү, анткени ал жерде аскердик абал жарыяланган. Украинанын лидерин алып карайлы – мындай деп айтууга туура келгени мага жакпайт, бирок анын рейтингин карасак, болгону 4%. Өлкө талкаланды, шаарлардын көбү кыйрады. Имараттар талкаланды. Бул чоң кыйратуу аянтына окшош», – деген Трамп.

Буга жооп катары Зеленский: «Эгер кимдир бирөө азыр эле мени алмаштырууну кааласа, азырынча андай мүмкүн эмес», – деп билдирген. Ал ошондой эле Трамп айткан 4% рейтинг тууралуу маалымат Россиядан алынганын кошумчалаган эле.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз