Трамп Зеленскийдин Вашингтонго боло турган сапары, Орусияга салынган санкциялар тууралуу оюн билдирди

АКШнын президенти Дональд Трамп Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин жума күнү Вашингтонго келүүсүнө каршы эмес экенин билдирди. Бул тууралуу ал Ак үйдөгү брифингде айтканын Associated Press агенттиги кабарлады.
 
«Мен Зеленский жума күнү келет деп уктум», – деди АКШ президенти.
 
Трамп Украинанын президентин кабыл алууга каршы эместигин белгилеп, бул жолугушууда «сейрек кездешүүчү жер элементтери жана башка маселелер» талкууланышы мүмкүн экенин айтты. Ошондой эле ал АКШнын Украинага берген жардамы америкалык салык төлөөчүлөргө кайтарылат деп убада берди.
 
Трамп Украинада бардык тараптар үчүн кабыл алынуучу «туруктуулукту камсыз кылуучу кандайдыр бир формадагы тынчтык күчтөрү» болушу керектигин айтты.
 
Мындан тышкары, ал Россия менен сейрек кездешүүчү металлдар боюнча келишим түзүү идеясын колдой турганын билдирди.
 
«Мен Россиянын жеринде кен казып, минералдарды сатып алгым келет. Россиянын сейрек кездешүүчү металлдарына жетүү үчүн келишим түзүүнү каалайм», – деди АКШнын президенти Ак үйдөгү басма сөз жыйынында.
 
Ошондой эле, Трамп келечекте Россияга карата санкцияларды алып салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын, бирок азырынча бул чечим кабыл алынбаганын билдирди.
 
«Келечекте андай болушу мүмкүн деп ойлойм, бирок азырынча биз эч кимге каршы киргизилген санкцияларды алып салууга макул болгон жокпуз», – деди ал.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз