Ражабали Шайдуллаев орус мушкерин 33 секундда нокаутка учуратып, чемпиондук титулун коргоду
Кыргызстандык спортчу Ражабали Шайдуллаев жапондук RIZIN лигасындагы чемпиондук наамын биринчи жолу ийгиликтүү коргоду.
28-сентябрда ал RIZIN 51 турниринде Орусиялык Виктор Колесник менен беттешти.
Мелдеш биринчи раунддун 33-секундунда кыргызстандыктын пайдасына техникалык нокаут менен аяктады.
Шайдуллаев быйыл май айында уткан чемпиондук наамын ийгиликтүү коргоп калды.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.




