Орусиялык белгилүү шахматчы Ошто күйөрмандары менен жолукту
Орусиялык белгилүү шахматчы Сергей Карякин 29-август күнү Ош шаарындагы күйөрмандары менен жолукту. Бул тууралуу Ош шаардык спорт комитетинин төрагасынын орун басары Мурат Омошов билдирди, деп жазат "Турмуш" басылмасы.
Анын айтымында, 29-август күнү аталган гроссмейстер Ош шаарындагы күйөрмандары менен жолугуп, КР шахмат федерациясынын Ош шаарындагы башчысы менен шахмат ойногон.
«Карякин Алишер Навои паркындагы жаңы курулган эч алуу аянтчасында күйөрмандары менен жолукту. Анда аны 200гө жакын күйөрманы тосуп алды. Сергей Карякин күйөрмандарына кол тамгаларын калтырып, шахмат тууралуу өз ойлору менен бөлүштү.Жолугушуу суроо-жооп форматында өтүп, Карякин күйөрмандарынын ар биринин суроолорун жооп берип, кеп-кеңештерин берди. Ошондой эле Шахмат федерациясынын Ош шаарындагы башчысы менен «көрсөтмө матч» ойношту»,- деди ал.
Ош шаардык спорт комитети конок күтүү каадасы катары шахматчыга калпак кийгизип, чепкен жапкан.
Дүйнөгө белгилүү шахматчы Сергей Карякин 1990-жылдын 12-январында Крымдын Симферопол шаарында төрөлгөн. Ал алгач Украина үчүн чыгып, 2009-жылдан тартып Орусиянын атынан ойной баштаган.
Карякин шахмат тарыхында 12 жаш 7 айында гроссмейстер наамын алган эң жаш спортчу катары рекорд койгон. 2016-жылы ал дүйнө чемпиондугу үчүн өткөн матчта Магнус Карлсен менен беттешип, кошумча партияларга чейин жетип, бирок акырында атаандашына утулуп калган.
Карякин көптөгөн эл аралык турнирлердин жеңүүчүсү болуп, шахматтагы эң күчтүү коргоочулардын бири катары белгилүү.
Үй-бүлөлүү, балдары бар. Ошондой эле коомдук иштерге да активдүү катышып келет.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.