Жерде акыркы үч айдагы эң күчтүү магниттик бороон башталды

Жер планетасында акыркы үч айдагы эң күчтүү магниттик бороон башталды, ал G3+ категориясына туура келет. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космосту изилдөө институтунун Күн астрономиясы лабораториясы билдирди.

Мындай деңгээлдеги бороон акыркы жолу 1-июнда байкалган.

«Акыркы өлчөөлөргө ылайык, геомагниттик активдүүлүктүн индекси Kp 7,33 деңгээлине чейин өстү, бул беш баллдык шкала боюнча күчтүү магниттик бороон – G3+ категориясына туура келет», – деп айтылат лабораториянын билдирүүсүндө.

Магниттик бороондор күчүнө жараша G1 (алсыз) деңгээлинен G5 (өтө күчтүү) деңгээлине чейин бөлүнөт. G-индекс — магниттик бороондордун күчүн аныктаган шкала, аны АКШнын Улуттук океан жана атмосфералык изилдөөлөр башкармалыгы (NOAA) 1999-жылы киргизген.

Мындан тышкары, классификация үчүн K-индекс колдонулат — ал Жердин магнит талаасынын үч сааттык интервалдагы нормадан четтөөлөрүн мүнөздөйт. Эң алсыз бороон учурунда Kp=5 болот.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз