17 жаштагы Айсулуунун өлүмү. ИИМдин хронологиясы
ИИМдин басма сөз кызматы 30-сентябрда Ысык-Көл облусунда болгон мыкаачылык менен жасалган кылмыштын хронологиясын жарыялады.
Жети-Өгүз районунун Барскоон айылынын 17 жаштагы тургуну Айсулуу Мукашева 27-сентябрда дайынсыз жоголгон. Кийин анын сөөгүн Кемин районунан табышкан.
Хронология:
27-сентябрда болжол менен кечки саат сегиз жарымда Айсулуунун жакындары милицияга кайрылышкан. Алардын айтымында, күндүзү саат 12:30дар чамасында кыз таанышына конокко барам деп Каракол шаарына кеткен бойдон байланышка чыккан эмес.
Бул факты боюнча териштирүү иштери башталган. Барскоон айылына кире беришиндеги май куюучу жайга орнотулган камерадан Айсулуунун «Хонда Стрим» унаасына отурганы аныкталган. Милиция кызматкерлери автоунааны А.К. аттуу 1984-жылы туулган адам айдап жүргөнүн такташкан.
Унааны табуу үчүн укук коргоочулар «Перехват» планын жарыялашкан.
Тергөөнүн жүрүшүндө айдоочу кызды Караколго эмес, Жеңиш айылындагы «Азамат» пляжынан түштүк тараптагы алма багына алып барганы белгилүү болгон. Ал жерде болжол менен саат бирлерде кызды зордуктап, кийин Тон районунун Кажы-Сай айылынын чыгыш тарабындагы көлмөгө алып барып муунтуп өлтүргөнү аныкталган.
Айсулуунун сөөгүн ал Кемин районунун Жыл-Арык айылы тараптагы автожолдун 14-чакырымында таштап кеткен. Кылмыштын изин жашыруу максатында автоунаасын жууп, телефон менен SIM-картасынан кутулган.
Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») боюнча катталган.
ИИМдин ККККнын жана Жети-Өгүз РИИБинин ыкчам кызматкерлери мурда бир нече жолу соттолгон 1984-жылы туулган А.К.ны кармашкан. Ал качып кетүүгө аракет кылган.
Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө жүрүп жатат.
Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.