70 жаштагы жаранды сүзүп, качып кетүүгө шектелген жаран кармалды

Шектүү авто кырсыктан кийин кармалганы тууралуу 6-майда Чүй облусунун ИИББнын басма сөз кызматы билдирди, деп жазат "Сводка АКИпресс"

Кырсык 1-май күнү болжол менен түнкү он бирлерде Бишкек—Нарын—Торугарт жолунун 110-чакырымында, Кемин шаарына жакын жерде болгон. Жергиликтүү тургун А.К., 1960-жылы туулган, айланма жолдон өтүп бара жаткан учурда аны «Хонда Акура» унаасы сүзүп кеткен. Андан соң айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Жабырлануучу ооруканага жеткирилип, эсине келбестен каза болгон.
 
Бул факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренеси («Автоунаа каражаттарын башкаруу жана пайдалануу эрежелерин бузуу») боюнча катталган.
 
Тергөөнүн версиясына ылайык, кырсык болгон учурда «Хонда» унаасын 1996-жылы туулган Б.У. айдап жүргөн. Милиция анын Кыргызстандан чыгып кеткенин аныктаган.
 
5-майда шектүү кармалып, камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Чүй облусунун ЖКККББсы окуя тууралуу айрым маалыматтарды берди, ошондой эле Кемин районунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору окуя болгон жерде иш алып барышкан. Күбөлөрдү суракка алып, унаа табылган жерди текшерүү менен айдоочунун өздүгү аныкталган.
 
Шектүү «Манас» аэропортунан кармалган. Унаа айып аянтчасына токтотулган.

Ката көрсөңүз кабарлаңыз – ката сөздү (сүйлөмдү) белгилеп, Ctrl+Enter-ди басыңыз. Ошентип, текстти тууралаганга жардам бересиз.

Бөлүшүңүз:
Дагы окуңуз:

Комментарий калтырыңыз

Каттоодон өткөн гана окурман комментарий калтыра алат.
Каттоодон өтүңүз же сайттан авторизация кылыңыз